Дүйнөгө атагы чыккан физик жана химик Мария Кюри 2 жолу Нобель сыйлыгын алган алгачкы илимпоз. Ал радиоактивдүүлүк боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Күйөөсү Пьер Кюри менен бирге радий жана полоний элементтерин ойлоп тапкан. Полоний элементине өзүнүн мекени Польшанын ысмын ыйгарган.
Мария Кюри Жогорку окуу жайга кабыл алуу экзамендерине келгенде аны албай коюшкан. Анткени, ал убакта университеттерге окуу укугу жалгыз гана эркектерге таандык болгон. Бирок, ал өжөрлүк менен билимге умтулуп, илимдин кудугун каза баштаган. Жыйынтыгында, физика жана химия илими боюнча Нобель сыйлыгын алган. Кийинчерээк кызы да химиялык изилдөөлөргө байланыштуу Нобель сыйлыгына арзыган.