Укук коргоочулар, Өкмөттүк эмес уюмдар жана айрым батышчыл журналисттердин Газа тилкесиндеги кыргын боюнча үн катпашы коомчулукта нааразычылык жаратты. Орустар Украинада кыргын жасоодо деп ыйлаган укук коргоочулар азыр кайда?
Белгилүү активист Эржан Сулайман “Украинада 2 жылда 501 бала өлтүрүлгөн болсо, Палестинада 1 жумада 700дөн ашуун бала өлтүрүлдү. Ошол эле мезгилде Украинанын аскерлери Израилдин аракеттерин колдошту”,- деп жазды.
Кыргызстандын өкмөттүк эмес уюмдарын чет элдеги кожоюндары Палестинадагы энелер менен балдардын өлүмү үчүн пикир билдирбөөнү буюрганбы?