Франциянын президенти Эммануэль Макрон 1-ноябрда Казакстанга, 2-ноябрда Өзбекстанга барат.
Сапардын жүрүшүндө лидерлер соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелерди талкуулашат.
Макрондун администрациясы Францияны Казакстан менен Өзбекстанга жакындатуу максаты экономикалык чөйрөдө, атап айтканда энергетика тармагында, маанилүү материалдарды жеткирүү, транспорт, саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана коргонуу тармагында кызматташуу экенин белгиледи.