Франциянын президенти Эммануэль Макрон шейшемби, 24-октябрда Тель-Авивге келди. Макрон Израилдин президенти Исаак Герцог, премьер-министр Беньямин Нетаньяху, мурдагы коргоо министри Бенни Ганц менен жолугушат.
Саясатчы Франциянын Израиль менен тилектештигин көрсөтүү жана Газа тилкесинде барымтадагыларды бошотууну талап кылуу үчүн келген.
Франциянын мамлекет башчысы ошондой эле Израилди Газа тилкесиндеги жайкын тургундарды сактап калууга чакырары күтүлүүдө.