Эми туура эмес жайга токтотулган унааларды мэрия эвакуация кылат

Автор

Бишкек шаардык мэриясы туура эмес токтотулган унааларды мэриянын ишканаларына, бөлүмдөрүнө эвакуация кылып кетүү укугун сурап, токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды.
Калаа бийлиги күн сайын 400 миңдей унаа жолго чыгаарын, тыгындарды туура эмес жерге токтотулган унаалар дагы жаратып жатканын айтып, жоопкерчилиги жок айдоочулардын туура эмес жерге токтотулган унааларын жүктөп кетүү укугун мэриянын ишкана, мекемелерине да берүүнү сунуштап жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев Таласта балдар бакчасынын ачылышына катышты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 12-ноябрда Талас облусуна иш сапар менен барды. Ал атайын кызматтын кызматкерлеринин жана чек ара кызматынын балдары үчүн салынган балдар бакчанын ачылышына катышты. Балдар бакчасы бардык шарттары менен 150 орунга ылайыкталган. Камчыбек Ташиев кечээ, 11-ноябрда ушундай эле багыттагы балдар бакчанын ачылышын Ош шаарында жасаган. Ал эми […]

You May Like