Эми телефон номерлери өкмөт аркылуу берилет

Автор

Казакстанда телефон номерлерин берүү ишин мамлекеттик портал аркылуу жүргүзүү пландалууда. Өлкөнүн санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министринин орун басары Асхат Оразбектин айтымында, бул чара телефондук алдамчылыкка каршы туруу максатын көздөйт. Казакстандын санариптик өнүгүү министрлиги тиешелүү мыйзамдык демилгени жакын арада сунуштайт.
«Биз номердик планды мамлекетке кайтарып беребиз. Жарандар мобилдик же шаардык телефон номерлерин электрондук өкмөт порталынан же eGov mobile мобилдик тиркемеси аркылуу алышат»,-деп билдирди вице-министр.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмне үчүн артрит пайда болот? Себептери

Артрит – бул инфекция, иммундук системанын же зат алмашуунун бузулушунан келип чыккан оору. Артриттин негизги белгиси – сезгенүү процесси: шишик, теринин кызарышы жана жабыркаган муундун аймагындагы ысытма болуп саналат. Оорулуу муундун аймагында шишик – туруктуу же мезгил-мезгили менен пайда болгон, жабыр тарткан аймактын кызарышы жана ысытмасы – аны тийгенде сезе […]

Сизге жагышы мүмкүн