Англиянын HOPS Labor Solutions Ltd компаниясы менен Талас мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети жана Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору атайын келишимге кол коюшту. Эми аталган университеттердин студенттери акы төлөнүүчү сезондук айыл чарба жумуштарына барса болот.
“Студенттер 2025-жылга карата пилоттук долбоордун алкагында жайкы каникул учурунда аталган өлкөдө акы төлөнүүчү стажировкадан өтүүгө кошумча мүмкүнчүлүк алышат”, – деп билдирет Эмгек министрлиги.