Эми окуучулар өздөрү окуган классты жууп-тазалашабы?

Автор

Эми мектеп окуучулары өздөрү окуган класстардын, парталардын тазалыгына өздөрү көз салып, жууп-тазалашат. Тиешелүү буйрук чыкканын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Кендирбаева мекеменин Фейсбуктагы баракчасында билдиргендей, бул балдарды тазалыкка жана жоопкерчиликке тарбиялайт. Окуучулардын өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүнө жана жашаган жерине жоопкерчиликтүү мамилеге жасоого багыттоо үчүн кабыл алынган.
“Бул жерде кеп окуучуларды эксплуатациялоо эмес. Алардын өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүнө, өзүнүн тазалыгына, жашаган жерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусына багытталган. Башкача айтканда балдар өздөрү отурган партасын, окуган классын, өздөрү колдонгон ажатканы да тазалап, камкор мамиле жасоо көндүмдөрү болушу керек”- деди Кендирбаева.
Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат

Россиянын президенти Владимир Путин 18-19-август күндөрү мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат. Бул тууралуу Кремль маалымдады. Сүйлөшүүлөр учурунда Россия менен Азербайжандын стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин андан ары өнүктүрүү маселелери, ошондой эле актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер талкууланат. Сапардын жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынып, өкмөттөр аралык жана башка документтерге кол […]

Сизге жагышы мүмкүн