Эми депутат болгусу келгендер кызматтарынан кетишет

Автор

Административдик, аймактык чек аралар өзгөргөндүгүнө жана мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылды. Президент Садыр Жапаров 6-сентябрда жарлыкка кол коюп, мындан улам Баткен, Чүй, Нарын Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында 17-ноябрь күнү шайлоо өткөнү турат. Эми саясий партиялар 5 пайыздык босогодон өтүшү керек.
Мурда бул 7 пайыз деп белгиленип келген. Шаардык кеңешке аттанган талапкерлер кызматын толук тапшырып, андан кийин гана өнөктүккө катыша алышат. Шаардык кеңештерге талапкерлер партиялар аркылуу аттанышса, айылдык кеңештерде болсо, көп мандаттуу округдарда можаритардык система боюнча ат салышышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзбек медицинасы өнүгүү жолунда

Өзбекстандын статистикалык комитети үстүбүздөкү жылдын 7 айында Кыргызстандан 6 миң 218 бейтап жана 56.9 чет элдик жаран Өзбекстанга дарыланууга барганын маалымдады. Бул сан былтыркы жылдарга салыштырмалуу 31,1 миң ишиге көп. Өзбекстанга дарыланууга Тажикстандан 51 миң 603, Казакстандан 7 миң 735, Орусиядан 1 миң 135, Түркмөнстандан 587, Түркиядан 24 жана башка […]

Сизге жагышы мүмкүн