Эмил Үмөттөн маанилүү сунуш

Автор

“Мени отчествомон чакырбагылачы деп көп айттым. “ов”, “ев”, “ова”, “ева” дегенден көп жыл мурда баш тарткамын. Паспортумду өзгөртө албай жатам, анткени, 10 жылдык визаларым бар”,- деди Кыргызстандын экс-экономика министри Эмил Үмөталиев.
Ал Фейсбук баракчасында Эмил Үмөт деп жазылып турса деле көнгөн адаттарына салып, “ович” деп кайрыла беришээрин айтты. Эгемендүүлүк алгандан кийин ата-энелер жаңы төрөлгөн ымыркайларына күбөлүктү “уулу” же “кызы” деп алып жатышкан. Бирок, кийин миграцияга аттангандар кайрадан орусча аталышка өткөн учурлары катталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Камала Харрис Иранды АКШнын каршылашы деп атады

АКШнын президенттигине талапкер Камала Харрис CBS News телеканалына берген маегинде Американын каршылаштарынын ичинен кайсынысы негизги деген суроого жооп берди. “Менимче, бул ачык эле Иран”,-деди Харрис. Ал ошондой эле шайлоодо жеңип чыкса, анын саясатынын башкы артыкчылыгы Иранга өзөктүк курал алууга жол бербөө болорун кошумчалады. АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрында өтөт. Бул […]

Сизге жагышы мүмкүн