Кечээ, камакка алынды делген “Эмаком” курулуш компаниясынын жетекчиси менен алданып калгандар келишим түзүшкөн эмес. Келишим компаниянын негиздөөчүсү делген Эмил Жусупов менен түзүлгөнү айтылууда. Айрым жарандар “Эмил Жусупов учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Ал эми кармалды, камалды деп айтылган жигит анын жакын досу. Келишимдердин 70-80 пайызы Эмил менен түзүлгөн. Мандатына таянып, жоопкерчиликтен кутулам деп ойлойбу”,- деп билдирүү таратышкан. “Эмаком” боюнча укук коргоо органдары катуу иш алып барышса, Эмил Жусуповду мандатынан ажыратуу маселеси козголобу?