Ал бозгундагы активист Тилекмат Күрөңовго жооп берди.
“Тилекмат өзү чоңоюп калган киши болсо, анан паспортун жоготуп алып, “жоготуп алдым, уурдатып алдым”,- деп элге кайрылып жатса, анда мен кайдан билем, анын паспортун? Паспортун жоготуп, полицияга кайрылганына бир ай өттү. Али күнгө чейин Дубайдын полициясын алып барып, кайда жоготконун көрсөтүп коймок да. Анан, ким биринчи кыйкырса эле ошонуку эп боло береби? Жанагы, паспорт жоготтум дегени карандай калп. Айткандарынын бири дагы туура эмес”,- деди экс-депутат.
Эмил Жамгырчиев мындан бир ай мурда Тилекмат Күрөңов менен Дубайда жолуккан. Кийин активист Күрөңов паспортун Эмил Жамгырчиев уурдап кеткенин айтып, ал УКМКнын талиматы менен ушундай ишке барган деп билдирген эле.