Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши кайра жанданды. Бишкек шаарынын 1-май райондук соту 7-декабрь күнү ушул иш боюнча алгачкы отурумун өткөрөт.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын октябрь айында УКМК ошол кездеги Финансы полициясынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиевге жана өкмөттүн аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратовго кылмыш ишин козгоп, пара алышкан деп билдирүү тараткан. Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши үстүбүздөгү жылдын июль айында убактылуу токтотулган эле.