Эмгек министрлиги 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күндөрү деп жарыялоону сунуштады

Автор

Эмгек министрлиги 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күндөрү деп жарыялоону сунуштады. Министрлер кабинетинин тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документке ылайык, долбоор менен беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерине 2025-жылдын 1-январынан 7-январына чейин узак дем алыш күндөрүн белгилөө, ошондой эле 2025-жылдын 2-майы дем алыш күн деп аныктоосу сунушталат.
Ошондой эле, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында бул долбоор менен беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн 2025-жылга жылдырууну сунушталат.
Ошону менен бирге, “КР Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана КР Эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамынын долбоору менен мындан ары кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттырууну талап кылган экономикалык өсүштү, соода, каржы жана банк операцияларын жана башка бизнес процесстерди жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында министрлер Кабинетинин жумуш эмес майрам күндөрүн дем алыш күндөрүнө дал келген жылдыруулары боюнча кошумча чечимдерин иштеп чыгуу практикасын жокко чыгаруу пландаштырылууда.
Ушуга байланыштуу “КР Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана КР Эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамынын долбоору кабыл алынган учурда бул токтомду күчүн жоготту деп табуу сунушталат.
Бул токтом долбоорун кабыл алуу башка ченемдик укуктук актыларга оңдоолорду киргизүү зарылдыгына алып келбейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Марин Ле Пенди беш жылга эркинен ажыратуу талабы болду

Париж прокуратурасы 13-ноябрда «Улуттук биримдик» партиясынын лидери Марин Ле Пенди беш жыл бою бийлик органдарына шайлануу укугунан ажыратууну талап кылган. Ошондой эле Ле Пенди беш жылга эркинен ажыратууну жана 300 миң евро айып пул салууну суранды. Прокуратура Ле Пенге карата мындай жаза чарасын Европарламенттин каражаттарын максатсыз колдонуу боюнча кылмыш ишинин […]

Сизге жагышы мүмкүн