Эмгек жана миграция министринин орун басары кармалды

Автор

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үстүбүздөгү жылдын 21-февралында КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ч.У.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда аталган министрликтин башка кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгын аныктоого багытталган зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Бөлүшүү:
Next Post

«Даңазалуу доордун» жылдызы Россияга келди

Популярдуу “Даңазалуу доор”, “Кара сүйүү” сериалдарынын жылдызы, түрк актёру Бурак Өзчивит Россияга келди. 39 жаштагы актер Москва жана Санкт-Петербург шаарларында болду. Борбор калаада Өзчивитти «Калинка» ыры менен тосуп алып, арак менен сыйлашты. Атайын конок катары Крокус Сити Холлдо өткөн “Түрк сериалдарынын музыкасы” киноконцертине катышып, россиялык сериалдарга тартылгысы келерин билдирди. Өзүнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн