Оштогу “Эмаком” Курулуш компаниясына нааразы болгон кардарлар акчасын кайра кайтарып ала албай жатканы айтылууда. Өзгөн районунун тургуну Шааркан Дадашова “ал жок үй экен, керек болсо, салына турган үйдүн чеги да жок экен. Биз жок эле нерсеге акча төгүп жүрүппүз. Мен 1 млн сом төктүм эле, эми алалбай жатам”,-деп билдирди. Ал эми компания дүйнөлүк кризисттен улам иш создуктурулуп жатканын айтат. “Эмаком” компаниясынын аткаруучу директору Эрланбек Жусупов болсо, “акчаны бербей коюп же, алдап кетүү деген жок, сөзсүз акчаларын кайтарып беребиз”,-деп ишендирүүдө.
“Эмаком” курулуш компаниясы Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жусуповго таандык экендиги айтылып келет. Ал “Ишеним” партиясынан шайланган.