Эл өкүлү Эмил Жусупов эмнени кыйратты?

Автор

“Ишеним” партиясынын депутаты Эмил Жусупов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого СДПК партиясынан аттануу үчүн Төрөбай Зулпукаровго акча бергени айтылды. Белгилүү журналист Ыдырыс Исаков “Эмил Жусупов депутат болуп эмнени кыйратып жатат? Кесиптештеринен сураштырсам, парламентке 1 айда 2 жолу келет экен. Парламентке келбесең, “пок” жегени депутат болосуңбу? Угуп жүрөбүз, СДПКга кирип, депутат болуш үчүн Зулпукаровго палан миң доллар бериптир. Ал сөздөрдүн чын-төгүнүн билбейм бирок, жөн жерден чыкпаса керек”,- деген.
“Эмаком” курулуш компаниясына депутат Эмил Жусупов ээлик кылат. 2-октябрда компаниянын директоруна кылмыш иш козголуп, камакка алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 9-10-декабрда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, 31-декабрга чейин уланат. Жарманкенин максаты атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат. «Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 […]

Сизге жагышы мүмкүн