“Эл үмүтү” стипендиясын алууга 22 талапкер жактырылды. Тизме

Автор

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссия биринчи окуу жылына 22 талапкерди жана экинчи окуу жылына 6 арызды жактырды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, стипендияны 2024-2025-окуу жылына карата биринчи окуу жылы үчүн алууга төмөндөгү талапкерлер бекитилди:
Абдурахманова Асел Келдибековна – Джонс Хопкинс университети, “Коомдук саламаттыкты сактоо” программасы боюнча магистратура;
Абдыибраева Айтбүбү Нарынбаевна – Ноттингем университети, “Компьютердик илим жана жасалма интеллект” программасы боюнча магистратура;
Жолдошалиева Мира Жолдошалиевна – Вестерн университети, “Бизнес аналитика” программасы боюнча магистратура;
Канатова Мээрим Канатовна –Пенсильвания университети, “Окутуучу илимдер жана технологиялар” программасы боюнча магистратура;
Карыбекова Айгерим Женишбековна – Колумбия университети,“Технологиялардын менеджменти” программасы боюнча магистратура;
Касымова Бермет Данияровна –Карнеги Меллон университети, “Архитектура” программасы боюнча магистратура;
Курманбекова Айгерим Курманбековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык башкаруу жана системалар” боюнча магистратура;
Торогулова Асел Шерикбековна – Карнеги Меллон университети, “Продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн интеграцияланган инновациялар” программасы боюнча магистратура;
Турумбекова Турсунай Алмазбековна – Дьюк университети, “Маалымат илими жөнүндө” программасы боюнча магистратура;
Алимжанов Бакыт Алимжанович – Эдинбург университети, “Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү каржылоо жана инвестициялар” программасы боюнча магистратура;
Аязбаев Ислам Марсович – Чикаго университети, “Мамлекеттик саясат” программасы боюнча магистратура;
Кыдырова Элида Бекназаровна – Минесота университети, “Коомдук илимдер жана менеджмент” программасы боюнча магистратура;
Стамбекова Айпери Азатбековна – Оксфорд университети, “Айлана-чөйрөнү өзгөртүү жана башкаруу” программасы боюнча магистратура;
Таджибаева Севара Талипжановна – Гарвард университети, “Дизайн, инновация жана технология тармагында окутуу” программасы боюнча магистратура;
Тиленбаева Камила Жолдошбековна – Нью-Йорк университети, “Корпоративдик укук” программасы боюнча магистратура;
Ырысбекова Нуржамал Ныязалиевна – Бостон университети, “Долбоордук менеджмент” программасы боюнча магистратура;
Осмонова Алина Арслановна – Чикаго университети, “Экономикалык саясат” программасы боюнча магистратура;
Кыдырова Жибек Сатындыевна – Лейден университети, “Укук жана маалыматтык технологиялар” программасы боюнча магистратура;
Жеенбекова Алымкан Суеркуловна – Гумбольдт атындагы Берлин университети, “Фольклористика” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;
Канатбекова Мээржан Канатбековна – Вена техникалык университети, “Кванттык эсептөө” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;
Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Оксфорд университети, “Кванттык программалоо” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;
Момошова Асел Кадыржановна – Кембридж университети, “Жер экономикасы” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы.
“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын экинчи окуу жылы үчүн алууга төмөндөгү талапкерлер бекитилди:

Асаналиева Адел Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;
Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык менеджмент жана системалар” программасы боюнча магистратура;
Тураткан кызы Жанылай – Дьюк университети, “Дисциплиналар аралык маалымат илимдери” боюнча магистратура;
Абабакиров Нуршат Абдисаламович – АКШ, Колумбия университети, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектепке болгон чабуулдан 100 адам көз жумду

Израилдин армиясы Газадагы Аль-Табаин мектебине чабуулду «Хамас» кыймылынын борбору имаратта жайгашкандыгы менен түшүндүрдү. «Чабуул жасалардан мурда карапайым адамдарга зыян келтирүү коркунучун азайтуу үчүн көптөгөн чаралар көрүлдү»,-деп айтылат ЦАХАЛдын Telegram каналындагы билдирүүсүндө. Палестиналык ММКлардын маалыматы боюнча, 100дөн кем эмес адам курман болуп, ондогондору жаракат алган. Куткаруучулар өрт менен күрөшүп, каза болгондордун […]

Сизге жагышы мүмкүн