“Мен дагы 24 жыл депутат болгомун. Учурда 93 жаштамын, баатыр, академик, өлкөдөгү аксакалдардын биримин. 72 жылдан бери доктормун”,- деп билдирди Мамбет Мамакеев. Ал кайрылуусунда министр Алымкадыр Бейшеналиевге колдоо көрсөтүп, депутат Жусупбек Коргонбай уулун бирөөлөрдүн ушагын айткан, далили жок сүйлөгөн депутат экенин айтты. Парламенттин жыйналышын карап отуруп аябай таң калганын, айрым депутаттардын деңгээли төмөн экенин , андыктан, эл өкүлү болгондон кийин сүйлөөр сөздөрүн таразалап жүрүүлөрү керектигин эскертти.