Эл артисти Апаз Жайнаковдун ысымы Баткендеги мектепке ыйгарылды

Автор

Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы орто мектепке Кыргыз Республикасынын Эл артисти Апаз Жайнаковдун ысымы ыйгарылып, эстелиги ачылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Үч-Дөбө айылындагы типтүү мектеп чек арада жайгашкан. Ал мамлекет тарабынан курулуп, 2022-жылы пайдаланууга берилген.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орну басары Маруфхан Тулаев баштаган жетекчилер, чыгармачыл инсандар, Апаз Жайнаковдун жакындары, айылдаштары, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Салтанаттын катышуучулары Эл артистинин кыргыз элин, жерин даңазалаган чыгармалары, мамлекеттин гимнине тете болгон обондору түбөлүктүү экенин, миң жылдар алмашса да, бул улуу чыгармалар элдин жүрөгүндө сакталаарын белгилешти. Мектепке Эл артистинин жеке буюмдары, аккардеону, сыйлыктары коюлду.

Иш-чарада жергиликтүү таланттар Апаз Жайнаковдун чыгармаларын аткарышты.

Апаз Жайнаков 1960-жылы Баткен районунун Үч-Дөбө айылында туулган. 1995-жылы Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти наамына татыктуу болгон. Ал эми 2003-жылы Кыргызстандын Эл артисти наамы ыйгарылган.

Обончу 2013-жылы 9-октябрда 53 жашында оорудан улам көз жумган.

Бөлүшүү:
Next Post

Шайлообек Атазов токтомдун аткарылышын талап кылды

Эдил Байсалов боюнча депутаттардын кабыл алган токтому аткарылган жок. Депутат Шайлообек Атазов токтомдун аткарылбай жатканын парламенттин эсине салды. Ал бизге берген маегинде “Эдил Байсалов парламенттин беделин түшүрүп, депутаттарга акаарат айткан, анын биз менен иштешүүгө укугу жок. Өлкө башчылары деле депутат болушкан. Мени түшүнүү менен кабыл алышат го деп ойлойм”,- деди. […]

Сизге жагышы мүмкүн