Эл аралык кылмыш соту Шойгу менен Герасимовду камакка алууга ордер берди

Автор

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) РФнын коргоо министринин мурдагы орун басары, Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу жана Генералдык штабдын башчысы Валерий Герасимовду камоо боюнча ордерлерди берди.
«Эл аралык кылмыш сотунун доосу Украинадагы кырдаалга байланыштуу. 2022-жылдын 10-октябрынан 2023-жылдын 9-майына чейин жасалган эл аралык кылмыштар үчүн Сергей Шойгу жана Валерий Герасимовдун камалышы боюнча ордерлерди берди»,-деп айтылат соттун сайтындагы билдирүүдө. ЭКСтин маалыматы боюнча, бул эки адам орус куралдуу күчтөрү тарабынан 2022-жылдын 10-октябрынан 2023-жылдын 9-мартына чейин Украинадагы электр энергетикалык инфраструктурага жасалган ракеталык соккуларга жоопкерчиликтүү. Бул убакыт ичинде орус армиясы Украинанын ар кайсы жериндеги көптөгөн электр станцияларына жана подстанцияларына соккуларды жасаган. Соттун билдирүүсүндө Украинанын энергосистемасына соккуларды жасоо максатка ылайыксыз экендиги жана бул жарандарына чоң зыян алып келери баса белгиленет.
РФ Коопсуздук кеңешинин басма сөз кызматы Сергей Шойгуга карата доо батыштын Россияга каршы жүргүзүп жаткан гибриддик согушунун алкагында кабыл алынган жараксыз чечим деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент өлкөгө кайтып келди

Президент Садыр Жапаров Белгиядагы иш сапарында Белгиянын Королу Филипп Леополд Лудвиг Мария менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын зарылчылыгы тууралуу сөз жүрдү. Ошондой эле Европа Кеңешинин Президенти Шарл Мишел менен жолугушту. Анда соода-экономикалык кызматташуу, энергетика, транспорт, сейрек кездешүүчү металлдар, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду инвестициялоо боюнча талкуулашып, Кыргызстан менен […]

Сизге жагышы мүмкүн