Эл аралык кылмыш соту Монголияны Путинди камакка албаганы үчүн айыптоодо

Автор

Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) Рим статутуна кол койгон мамлекеттер ассамблеясына Россиянын президенти Владимир Путинди өлкөгө болгон сапарында камакка алып, сотко өткөрүп берүүдөн баш тартканы үчүн Монголияга карата дооматтарды кароону тапшырды.
Документте ЭКСтин юрисдикциясын тааныган бардык өлкөлөргө, статусуна жана жарандыгына карабастан, эл аралык ордер берилген адамдарды камакка алууга милдеттендирилгендиги айтылат.
ЭКС Владимир Путинге Украинадан балдарды мыйзамсыз чыгарууга шек саналып, 2023-жылдын март айында камакка алуу ордерин чыгарган. Россия ЭКСтин юрисдикциясын тааныбайт.
Владимир Путин 2-3-сентябрда Монголияга расмий иш сапары менен барган. Россиянын президенти бул өлкөнүн жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, түрдүү иш-чараларга катышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

U-23: Балбан кыз Дилназ Сазанова дүйнө чемпионатында коло үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан кыз Дилназ Сазанова Албанияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы күрөш боюнча дүйө чемпионатында көңүл жубатуучу беттешке чыгып, коло үчүн күрөштү улантууга мүмкүндүк алды. Балбан кыз Дилназ Сазанова алгач 1/8 финалда канадалык атаандашын уткан. Бирок чейрек финалда молдовалык спортчуга жеңилген. Молдовалык балбан кыз финалга өткөндүктөн, Сазанова […]

Сизге жагышы мүмкүн