Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев XIX Эл аралык Жаутыков олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн кабыл алып, аларды жеңиши менен куттуктады. Казакстан Республикасы тарабынан уюштурулган билим таймашына дүйнө жүзү боюнча 1200 окуучу катышкан. Кыргызстандык 12 окуучу жеңишке жетишкен. Төрага алардын ар бирине заманбап планшет белекке берди.
Белгилей кетүүчү жагдай, билим күрөшүндө ийгилик жаратышкан 12 окуучунун 6 окуучусу “Сапат” билим берүү мекемелеринин лицейлеринде билим алышат.