Элчи Садык Шер Нияз депутат Балбак Түлөбаевге жооп берди. Ал өздүк баракчасы аркылуу депутатка кайрылып, жалаа жаппоого чакырган. Өзү кызмат деген илеңге жолукпаганын, чоңдордун эшигин каккылап, кызмат сурабаганын, элчиликти да өздөрү сунуштаганын айткан. Өткөн жумада парламент Каныбек Иманалиевди билим берүү министрлигине дайындап жатканда Балбак Түлөбаев президент айкөл болгону үчүн оппозиция кызмат алып жатат деп билдирип, Садык Шер Нияз менен Өмүрбек Текебаевдин дарегине да ачуу сын жолдогон эле.