КР Украинадагы элчилигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 20-ноябрында Киев облусунун аймагы боюнча учкучсуз учуучу учактарды колдонуу менен массалык сокку жасалган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
КР Тышкы иштер министрлиги кайрадан Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана зарыл болгон учурда кырдаал толук турукташканга чейин Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону аркылуу Украинада жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат: +38 068 139 67 92, +38 044 237 03 48.