Элчи камалат. Ал ким?

Автор

Кыргызстандын мурдагы элчилеринин бири камакка алынат. Аны камоо тапшырмасын бергенин УКМК төрагасы маалымат жыйын өткөрүп жатып билдирди. “Ал менин партиялашым. Атымы сатып, бирөөдөн 250 миң доллар пара алып койгон. Берип жаткан учуру видеодо бар, берген адамдын көрсөтмөсү да бар. Мурда чоң бир мамлекетте элчи болуп иштеген”,- деди Камчыбек Ташиев.
Мурдагы “Ата Журт” азыркы “Ата Журт-Кыргызстан” партиясы Камчыбек Ташиевге таандык. Аталган партиядан 2 саясатчы элчилик кызматты аркалашты. Анын бири Ибрагим Жунусов Түркияда, Бакыт Аманбаев Америкада.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутатка эмне үчүн кылмыш иши козгошкон?

Швециянын Социал демократиялык партиясынын мүчөсү, мурдагы вице-премьер министр, учурдагы депутат Мона Сахлин кечинде жумуштан чыгып, үйүнө баратып дүкөнгө баш багат. Азык-түлүк менен бирге Европада таанымал “Тоблероне” шоколадынан сатып алат. Баасы 10 доллар болгон шоколадды карточкасы аркылуу төлөйт. Бирок, көп өтпөй финансы министрлигинин аудит кызматы эшигин кагат. Анын шоколадды өкмөт берген […]

Сизге жагышы мүмкүн