Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн психоэмоционалдык абалды аныктоо боюнча кошумча тестирлөө киргизилгенин мекеменин өкүлү Айбек Смадияров билдирди.
«Жыл сайын чет өлкөгө чыкканда элчиликтерде иштеген кызматкерлер психологиялык жана неврологиялык комиссиядан өтүшөт. Биз жакында эле Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттик менен жаңы программаны ишке киргиздик, ал программадан биздин бардык кызматкерлер өтүшү керек. Тест психоэмоционалдык абалын текшерет. Бул зарыл, анткени чет өлкөдө иштөө үчүн тыкыр экспертизадан өтүш керек»,-деди Айбек Смадияров.
Дүйнөдөгү эң кымбат футбол клубдарынын рейтинги жарыяланды
Шей Май 14 , 2024