Польша бийлиги акыркы 100 жылдагы эң чоң ызы-чуусун жашап жатат. Дүнүйөдөгү консулдук кызматтары ушул кезге чейин 250 миң адамга Шенген визасын сатканы ортого чыкты. Германия жана Польшанын массалык маалымат каражаттары берген маалыматта Хонг-Конг, Тайвань, Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Сингапур, Филиппин жана Катар мамлекеттеринин жарандарына 2021-жылдан баштап, 5000 доллардан Шенген визасын сатканы белгилүү болду. Алар Польша аркылуу Германияга, андан ары Мексикадан АКШга кирип кетишкен. Учурда 7 кишиге кылмыш иши козголгону, тышкы иштер министринин орун басары кызматынан бошотулганы, бардык элчилик жана консулдуктары текшерүүгө алынганы кабарланды.