Элмурза Сатыбалдиев: “Курманбек Бакиев менен төрага жолугушкан эмес”

Автор

Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын Белоруссияга болгон расмий  иш-сапары чуу менен коштолду. Төрага Нурлан Шакиев, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Үсөнов жана Элмурза Сатыбалдиевдин бозгунда жүргөн экс-президент Курманбек Бакиев менен жолугушканы тууралуу маалыматтар тарады. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирүү таратып, төраганын андай жолугушуусу болбогонуна басым жасады. Бирок, коомчулук Нурлан Шакиевдин бир кезде Курманбек Бакиевдин жардамчысы экенин эске алып, анын бозгундагы экс-президент менен жолугушканын божомолдошууда.

Ал эми кечээ депутат Элмурза Сатыбалдиев “Бакиев менен жолукканым чын. Ал менин президентим болгон. Аны менен иштешкемин. Булар таза инсандык гана мамиле. Аны көргүм, салам айткым келди. Биз күнүмдүк нерселер жөнүндө гана сүйлөштүк. Саясат эмес…”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Дастан Бекешов: “Бала бакчалардын саммитке кандай тиешеси бар”

12-13-октябрда өтө турган саммиттен улам мектептепти онлайн режимине өткөрүү иш аракети депутаттар тарабынан сынга кабылды. Дастан Бекешев бүгүн,11- октябрдагы парламенттин  жалпы жыйында сөз сүйлөп, “макул, мектептерди онлайн режимине өткөрүп жатасыңар. Бирок, бала бакчалардын бул саммитке кандай тиешеси бар. Азыр жалгыз бой энелер балдарын кайда койорун билбей, айрымдары жумушка кантип бараарын […]

Сизге жагышы мүмкүн