Маркум Элмирбек Иманалиевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы берилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын ачылыш аземинде айтылды.
Сыйлык берүү боюнча жарлыкка кол коюлганын президент Садыр Жапаров билдирди.
Ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болгондо быйыл 46 жашка чыкмак. Ал 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.