«Элит Хаустун»  негиздөөчүсү Тимур Файзиев  9-декабрга чейин камакка алынды

Автор

«Элит Хаус» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь райондук сотунун 11-октябрдагы чечими менен Тимур Файзиев 9-декабрга чейин камакка алынды.

Аскер прокуратурасынын тергөө тобу тарабынан «Элит Хаус» компаниясынын ээси Тимур Файзиевге 2021-жылы майда издөө жарыяланган.

27-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Тимур Файзиевди сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Ага Жаза аткаруу кызматынын №1 абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган. Бирок ошол эле жылдын июль айында камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сотко чейинки жана соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин эч жакка чыкпоо тил катына өзгөртүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда орточо айлык дээрлик 33 миң сомду түздү

Кыргызстанда 2023-жылдын январь-август айларында орточо айлык 32 миң 708 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди. Анын айтымында, бул 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 25,7%га өскөнүнөн кабар берет. Ал белгилегендей, эң олуттуу өсүш мамлекеттик башкаруу, коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо, административдик жана көмөкчү ишмердик, суу […]

Сизге жагышы мүмкүн