Таалайбек Ибраев: “Электр энергиясына чектөө болбойт”

Автор

Электр энергиясына  эч кандай чектөө болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  кыш мезгилине даярдык боюнча маселе каралып жатканда Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Министр “Быйыл чектөө болбойт. Эгерде кайсы бир көмөк чордонунда чыңалуу жаралса,аны биз кайра калыбына келтирүү үчүн 2 саатка убакыт талап кылынат.  Электр жабдыгын өчүрүүгө аргасыз болобуз.Былтыр деле ызгардуу кышта ушинтип чыгып кеткенбиз. Өзүңөр билгендей бизде электр трансформаторлор абдан кымбат 700-800 миң доллардын тегерегинде. Ошондуктан бузулуу болгондо аларды которууга 1.5-2 саат убакыт керек. Ал эми чектөө болбойт”, -деди

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров: “Эки жылда толугу менен газга өтөбүз”

Эки жылда толугу менен газга өтөбүз. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Жапаров “Биз жакынкы арада толугу менен газга өтөбүз деген ниетибиз бар. Ышты түп тамырынан жоюу  максаттында “Газпромдун”  башчысы Алексей Миллер менен сүйлөшүп келдик. Алар да газды берүүгө даяр. Бирок 30 […]

Сизге жагышы мүмкүн