Электр жарыгысыз калган Кубада бороон болду

Автор

Үч суткадан бери электр жарыгы жок калган Кубага «Оскар» ураганы жетти. Катуу шамал, бороон жана нөшөрлүү жаан-чачын аралдын чыгыш бөлүгүндө болду. Буга чейин Кубанын Метеорология кызматы өлкөнүн чыгышында «өтө кооптуу абал» тууралуу эскерткен.
Ураган Кубанын чыгышында жана Багам аралдарынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жээкти каптаган чоң суу ташкынына алып келиши мүмкүн. Синоптиктер айрым жерлерде 15 сантиметрге чейин жамгырды болжолдоду.
Калкы 10 миллиондон ашкан Кубада электр жарыгы 18-октябрда ЖЭБдеги авариядан улам өчкөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан менен Россия товар жүгүртүүсүн $5 млрд жеткирүүнү көздөп жатат

Кыргызстан менен Россия товар жүгүртүүсүн 5 млрд АКШ долларына жеткирүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Россияга болгон расмий сапарынын алкагында бир нече жолугушуулар өткөрдү. Жол картасы кабыл алынып, товар жүгүртүүнү 5 млрд АКШ долларына жеткирүү жана процедураларды жеңилдетүү […]

Сизге жагышы мүмкүн