Элди тебелеткен айдоочунун унаасынан керээз кат табылды

Автор

Магдебургдеги Рождество жарманкесине келгендерди тебелеткенге шектелген адамдын унаасынан тергөөчүлөр керээз кат табышты. Бул тууралуу Der Spiegel басылмасы билдирди. Документти жазган адам өзүнүн бардык мүлкүн Германиянын Кызыл Крест комитетине өткөрүп берүүнү каалаган.
20-декабрда Рождество жарманкесинде жөө жүргүнчүлөрдү тебелеткен окуядан төрт аял жана бир бала каза болду. 200гө жакын адам жабыркаган. Окуяны бийлик теракт деп атады. Негизги шектүүсү 50 жаштагы Талеб аль-Абдулмохсен. Ал Германияга 2006-жылы келген, психиатр болуп иштеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Баатыр энелерге 2 млн сомго чейин берилет

Кыргызстанда көп балалуу энелерге 2 млн сомго чейин берилет Кыргызстанда бийик тоолуу жана жолу татаал алыскы аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала береке” төлөмү берилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, 2026-жылдан тартып төрт жана андан көп балалуу болгон үй-бүлөлөр 100 миң сомдон 2 […]

You May Like