Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен транспорт министри Абсаттар Сыргабаевдин жылдызы жанабы? Алардын кызмат ордуларындагы аракеттерине оң баа берилгени, жоопкерчилик алууга бышып, жетилгени, таза иштеп жатышканы тар чөйрөдө айтылып баштады. Коомчулукка анча белгисиз болушса да, аталган министрлер боюнча азырынча нааразычылык жок.
Бирок, быйылкы кыш экөнүн тең ишмердүүлүгүн сынап, элдин таразасына коёру маалым.