Белгилүү блогер Улукбек Карыбек уулунун кезектеги көрсөтүүсү Ош шаарындагы атагы чыккан “Мырзалим” самсаканасы болду. Блогер тарткан видеодо атайын самса үчүн тууралган эттин ичиндеги гупканы (мочалка) көрүүгө болот. Гупка эмне себептен турганын сураганда, самсачы, эттин сууларын соруп алат деп түшүндүргөн. Андан ары самовары, чайнектери, пияла-табактары санэпидемстанциялык талаптарга жооп бербегенин аныктаган. Кыргызстанда тамак-аш секторунда олуттуу көйгөйлөр бар. Бирок, көйгөйлөрдү санэпидемстанция кызматы баамдабай келет.