Бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү уланууда.
Кечээтен бери Элдик Курултайда делегаттар туунун өзгөрүшүнө каршы экендиктерин байма-бай билдирип жатышат.
“Урматтуу Нурлан Шакиев мырза! Былтыр ушул трибунада туруп, Бишкектин 4 районунун орусча аталыштарын өзгөртөм дедиңиз эле. Бир жыл болду өзгөргөн жок. Тууну өзгөрткөндөн мурда ушуну өзгөтпөйсүзбү”,- деди делегаттардын бири. Элдик Курултайда ар түрдүү темада маселе козголуп жатат.