Элдик курултай: Мыктыбек Абдылдаев Улуттук кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Автор

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.
Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700дөй делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.
Улуттук кеңештин курамы 17 мүчөдөн турат. Курултайга келген делегаттар бир добуштан колдоп, Улуттук кеңештин курамын бекитти.
Курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланды.
«Чоң жоопкерчиликти сезип турам. Өз тажрыйбамды, билимимди жумшайм»,-деди Абдылдаев.

Бөлүшүү:
Next Post

Лионель Мессинин футболкасы 10 миллион долларга бааланды

Белгилүү аргентиналык чабуулчу 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында Франция курамасын жеңген Лионель Мессинин футболкасы аукционго коюлду. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ал 10 миллион долларга сатылышы мүмкүн The Guardian басылмасынын маалыматына караганда, дүйнөнүн эң атактуу футболчуларынын бири, аргентиналык Лионель Мессинин футболкаларынын коллекциясы Нью-Йорктогу Sotheby’s аукционунда сатылат. Оюнчу 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунда матч ойногон […]

Сизге жагышы мүмкүн