Бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү уланууда. Жарыш сөзгө Элдик курултайдын 1-төрагасы Кадыр Кошалиев сөз сүйлөп Элдик курултай саясий эрк менен ишке ашкандыгын белгиледи.
“Бул идеяны ишке ашырууда салым кошкондор арасындагы көзү өткөндөрдү айта кетейин. Алар Нурак Абдрахманов, Хусейин Исаев, Мар Байжиев, Кенжалы Сарымсаков, Муктар Өмүракунов, Гүлжамила Шакирова, булардын бейиши болсун. Мындан тышкары менин колумда 50 барак, ишке аша элек долбоорлор бар. Алардын кээ бирлерин атай кетейин”, -деди.
Кадыр Кошалиев убактысынын аздыгына байланыштуу долбоорлордун он чактыларын гана атаганга үлгүрдү.