Элдик курултайдын экинчи күнү өз ишин баштады

Автор

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик Курултайдын экинчи күнү өз ишин баштады
Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү катышууда.
Кечээ, мамлекет башчысы өлкөдөгү абал тууралуу кайрылуу жасап, биринчи Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер, реформалардын жүрүшү тууралуу айтып берип, ошондой эле улуттук баалуулуктарды сактоо, уюштуруу жана өнүктүрүү максатында көрүлүп жаткан чараларды белгиледи.
Андан кийин сөз кезеги делегаттарга өтүп, алар өз шайлоочуларынын айткандарын, алардын оюн, үнүн жеткиришти, сөздөрүндө аймактарды жана айылдарды өнүктүрүүгө басым жасап, социалдык маселелерди, атап айтканда, бул тармактын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу темасын көтөрүштү. Ошондой эле делегаттар чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты. Жалпы 75 делегат чыгып сөз сүйлөдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Элдик курултай: Тууну өзгөртүүгө каршы пикирлер байма-бай айтылууда

Бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү уланууда. Кечээтен бери Элдик Курултайда делегаттар туунун өзгөрүшүнө каршы экендиктерин байма-бай билдирип жатышат. “Урматтуу Нурлан Шакиев мырза! Былтыр ушул трибунада туруп, Бишкектин 4 районунун орусча аталыштарын өзгөртөм дедиңиз эле. Бир жыл болду өзгөргөн жок. Тууну өзгөрткөндөн мурда ушуну […]

Сизге жагышы мүмкүн