“Элдик курултайдын катчылыгы” мекемеси түзүлдү

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Элдик курултайдын катчылыгы” мекемесин түзүү жөнүндө токтомго кол койду.
Документке ылайык, мындай чечим Элдик курултайдын ишин камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Финансы министрлигине зарыл болгон акча каражатын табуу жана Катчылыктын ишин каржылоону белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу тапшырмасы берилди.
Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке президенттин Иш башкармасы менен биргеликте Катчылыкты керектүү жайлар менен камсыз кылуу тапшырмасы коюлду.

Бөлүшүү:
Next Post

Палестина-Израиль чатагы: Курман болгондордун саны 20 миң адамга жетти

Палестина-Израиль чатагыны 7-октябрда башталгандан бери кеминде 20 миң адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда. Аль-Жазиранын маалыматы боюнча, бул 20 миң каза болгондордун арасында 8 миңи балдар жана 6,2 миңи аялдар болгон. 6,7 миңдей адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде айтылат. “Өлтүрүлгөндөрдүн кеминде үчтөн бири ХАМАСтын согушкерлери. Курман болгондордун […]

Сизге жагышы мүмкүн