Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Күндүн экинчи жарамында жарыш сөзгө чыккан Оштон келген делегат Абдыжапар Аккулов климаттык өзгөрүүлөр боюнча пикирин айтып, президенттен мөңгүлөрдү коргоону суранды. Тоолорду талкалоого жол бербеңиз деген Аккулов коррупция ошол жакта жатканын айтты.
“Кечээ эле Соода палатасынын орун басарлары кармалды, себеби сапаттуу эле көмүргө жасалма документ жасатып, сыртка ташып турушкан”,-деди.
Мындан тышкары Ак-Бура дарыясын реконструкциялоо боюнча кылмыш иши козголуп, бирок, токтоп турганын билдирди. УКМК козгогон кылмыш иштин токтоп турганына кызыкты.