Элдик курултайда коррупцияга каршы комиссия түзүү айтылды

Автор

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Учурда курултайда жарыш сөзгө чыккандарга үч мүнөттөн убакыт берилип, ой-сунуштарын айтышууда.
“Коррупция ушул кезге чейин тамыр жайып жатканда өлкөнүн финансы, экономикалык чалгындоо кызматы жана ИИМ өз милдеттерин аткарган эмес”, – мындай пикирин Оштон келген делегат Асанбек Абдыкапаров билдирди.
Анын айтымында Жогорку Кеңеш комиссия түзүп, ушул маселени изилдеп чыгышы керек. Абдыкадыров жемкорлук жана криминал менен күрөшүүдө Камчыбек Ташиевдин эмгегин жогору баалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Ишкердин апасы президентти уулуна тоскоолдук кылганга айыптады

Америкалык миллиардер Илон Масктын апасы Мэй Маск президент Жо Байденге катуу сүйлөдү. Өзүнүн X социалдык тармагында микроблогуна ачууланган постун калтырган. Маск айымдын айтымында, АКШнын президенти анын уулуна дүйнөнү жакшыртууда тоскоол болууда. “Илондун максаты – дүйнөнү жакшы кылуу. Байден аны токтоткусу келет”,-дейт Мэй Маск. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн