Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Бишкекте өтчү II Элдик курултайга Чүй облусунан 125 делегат катышат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Чүй облусунан барчу делегаттардын квоталары райондор боюнча:
- Кемин району – 15;
- Чүй району – 10;
- Ысык-Ата району – 20;
- Аламүдүн району – 18;
- Сокулук району – 23;
- Москва району – 13;
- Панфилов району – 8;
- Жайыл району – 14;
- Токмок шаары – 4.