Өмүрбек Бакировдун ордуна келген депутат Равшан Рысбаевди “Элдик” депутаттар тобу кошпой койдубу? Кечээ аталган топтун депутаттары Акылбек Түмөнбаев менен Дастан Жумабеков БШКны сындап, Өмүрбек Бакиров мандатынан мыйзамсыз кол жууган деп билдиришти. Бирок, жыйында катышып отурган Равшан Рысбаев коллегаларына жооп берген жок. Анын мындай аракетин коомчулук сынга алды. Равшан Рысбаев ант бергенден бери Көк-Жар округунун көйгөйлөрүн көтөрүп чыга алек.