Элдар Абакиров: “3 жылда Кытай менен соода жүгүртүү көлөмү 6 миллиарддан 20 миллиард долларга көтөрүлгөн”

Автор

“Административдик территориялык реформаны мен колдойм. Кыргызстан 1990-жылдары 4 миллион элек, азыр 7 миллиондон аштык. Шаарлардын, алардын аймактарынын көбөйгөнү абдан жакшы болду. Анткени, тамак аш коопсуздугу үчүн айыл чарба жерлер айылдарда кеңейип бараткан. Биз болсо, шаарларга жыйылып, көбөйүп, көбөйгөнүбүз бул стратегиялык жактан жакшы чечим. Камбар-Ата 1 ГЭСинин жана “Кыргыз-Кытай-Өзбекстан” темир жол курулушу стратегиялык чоң долбоор. Буюрса, башталып, бүтүп калса, Кыргызстан чоң утушта болот. Анткени, биз туңгуюктан чыгабыз”,- деди депутат Элдар Абакиров.
Ал акыркы 3 жылда Кытай менен соода жүгүртүү көлөмү 6 миллиарддан 20 миллиард долларга көтөрүлгөнүн билдирип, инвестициялык климат мындан да, жакшы жагына өзгөрөөрүн билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Даун синдрому деген эмне?

Даун синдрому, ошондой эле трисомия 21 деп аталат. Ал генетикалык оору, анда адамда 21-хромосоманын кошумча (үчүнчү) үлгүсү болот. Бул мүнөздүү физикалык өзгөчөлүктөргө, интеллектуалдык жана тилдин өнүгүшүнө, ошондой эле жүрөк жана көрүү көйгөйлөрү сыяктуу кээ бир медициналык көйгөйлөргө коркунуч туудурат. Даун синдрому менен ооруган адамдар ар кандай жөндөмдөргө ээ болушу мүмкүн […]

Сизге жагышы мүмкүн