Элдар Абакиров менен Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңешке депутат болушту

Автор

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты болуп катталды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 2-февралдагы отурумунда кабыл алынды.
Муну менен катар Айсулуу Мамашова да «Альянстан» Жогорку Кеңештин депутаты болуп каттады. Аларга тиешелүү документтер – күбөлүк жана депутаттык төш белги берилди.
Абакиров менен Мамашова мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыпталып, тергөө абагына камалган Эмил Жамгырчиев менен диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Фарходбек Алимжановдун ордуна келишти.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда

Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу ыкчам штабтын маалыматка караганда, учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 245 МВт. 6 отказан агрегаты жана 3 турбоагрегат иштеп жатат. Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 500 т/саат, температурасы 35 градустан 68 градуска чейин. Электр энергиясын иштеп чыгаруу 5.505.280 кВт.саат. Дагы бир […]

Сизге жагышы мүмкүн