“Коомдогу ишеним жөнүндө сөз кылсак, маселен, сиз Дайырбек Орунбеков боюнча айтып жатпайсызбы. Ал деле Матраимовдун ишеничтүү кишиси да. Мен кесиптештериме болушкандык эмес, бирок, эмне үчүн депутаттарды кетирип, Матраимовдордун түзмө түз кишиси болгон Дайырбек Орунбеков Акүйдө иштеп жатат? Коомдун ишеними ошондон кетет да. Тең салмактуу, адилеттүү көз караш болушу керек”,- деп билдирди депутат Элвира Сурабалдиева Кактус басылмасына берген маегинде.
“Макул, парламенттеги депутаттарды жаман десин. Бул жакта Матраимовдордун кишиси отурса, Сыймык Жапыкеев айткандай, 50 миң фейк бар экен, аларды башкарса, эмнеге ал жакта отурат? Бүгүн ошол фейктер мени да, силерди да тепкилеп жатпайбы”,- деди депутат.