Марат Султановдун кайрадан келкели келдиби? Айрым массалык маалымат каражаттары кеч күздө Акылбек Жапаров отставкага кетип, анын ордуна көчүк баса тургандардын сап башында финансист, “Ата-Журт” партиясынын экс-депутаты Марат Султанов турат деп жазышты. Бийлик анын иниси Омар Султановду былтыр Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган. Саясий билермандар болсо, Марат мырзанын билими жана тажрыйбасы министрлер кабинетинин ишин жүргүзүүгө жетиштүү дешет.
Марат Султанов 1960-жылы Алай районунда туулган. Ал белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдразак Султановдун уулу.