Индиянын бийлиги мурдагы премьер-министр Манмохан Сингхтин каза болушуна байланыштуу жети күндүк аза күтүү жарыялады. Бул 2025-жылдын 1-январына чейин уланат.
Ал мезгил аралыгында бардык жерде Индиянын улуттук туусу түшүрүлөт. Расмий көңүл ачуу иш-чаралары өткөрүлбөйт.
Манмохан Сингх 92 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты.
Сингх 1991-1996-жылдары премьер-министр Памулапарти Венкаты Нарасимха Раонун башкаруусу учурунда каржы министринин кызматын аркалаган. Ал өз өлкөсүндө экономикалык реформалардын негизги архитектору катары белгилүү.
Таалайбек Абыкеев Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды
Жум Дек 27 , 2024